Биз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндөБиз жөнүндөБиз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак жалпы билим берүүчү  орто мектебинин тарыхы

  • О.Турсуматов атындагы Бер-Булак жбб орто мектеби 1996-жылы 26-ноябрда ошол мезгилдеги КРнын премьер министри А.Жумагуловдун катышуусу менен ачылган.Алгач мектептин директору болуп Бакен Мамырбаев,окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп Мамбетиманова Гулнара дайындалган.Б. Мамырбаев Турция мамлекетине аспирантурага өтүп кеткендиктен, мектепке 1997-жылдын 30-январында жетекчи катары Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна дайындалган.
  • Мектеп мугалимдери жана окуучуларынын күчү менен тегерек чети көрктөндүрүлүп, кабинеттер жабдылды.Мектеп жетекчилеринин аракети менен Эл аралык уюмдарга долбоорлор жазылып, кабинеттер жабдылып, инвентарлар алынды. *Айылдан да азаматтар демөөрчүлүккө чыгып жардамын аяшкан жок.Алар;Алжанов Жаныбек,Чаргынов Канимет,Токтогулов Алибек,Эшенов Аалы,Кенжегулов Корошбек, Тентиев Мырзабек ж.б.
  • Алгачкы педагогикалык коллективдин(Касымалиев А,Иманкулова С, Азимканова Ш, СуеркуловаТ,Иманалиева С,Мамбетиманова Г,Мусаева М, Баяманова Ч.Алымкулова А,Ажикеева Э,Кубатова Ж,Н.Жусубалиева )эмгегин баса белгилөө биз учун сыймык, себеби азыркы ийгиликтин башаты ошол жактан башталган.
  • Бирок,мугалимдер канчалык белсенип иштебесин окуу китептеринин жоктугу билим сапатына кедергисин тийгизбей койгон жок.

1998-жылы май айында «Окуу үчүн эң биринчи китеп керек, китепсиз билим беруу кур аракет» деген темада кайрымдуулук марафону өткөрүлүп,15 876сомго окуу китептери алынган.

*1998-жылы «Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна биология мугалими Ч.Баяманова катышып,байгелуу орунга жетишти.

*Алгач 1998-жылы райондук олимпиададан химия сабагынан Н.Алышбаев (мугалими Баяманова),кыргыз тили сабагынан Өмурзаков Ж.(мугалими Азимканова Ш.)алгачкы жолу райондук олимпиададан байгелуу орунга ээ болушту.

*2000-жылы «Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна орус тили мугалими А.Алымкулова катышып,байгелуу 2-орунга ээ болду.

*-январь 2002жылы айыл тургундары,педагогикалык коллективдин,Таш-Дөбө айылдык Кеңеши жана Аламудун райондук Кеңешинин чечиминин негизинде, мамлекеттик ишмер Ормонбек Калманович Турсуматовдун аты мектепке берилди.

*2003-жылы райондук олимпиададан 7окуучу,областык олимпиададан 2окуучу байгелуу келишти.Тарых сабагынан Кадыркулова Мээрим (мугалими Болокова Г.Т.)  областык олимпиададан байгелуу орунга жетишип, республикалык олимпиаданын катышуучусу болду.

*2003-жылы мектеп ачылгандан берки окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктери учун мектеп директору Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*Ушул жылы 1-жолу кызыл аттестатка Сакенова Жылдыз ээ болду.

*2004-жылы Чуй облустук мамлекеттик админстрациясы уюштурган мектепти жаңы окуу жылына даярдоо конкурсунан «2003-жылдын эң жакшы мектеби»наамы ыйгарылды.

*Райондук олимпиададан 10 байгелуу орунга ээ болдук.

* 2004-жылы Токтогулова Бегимай артыкчылык аттестаттына ээ болду

*Башталгыч класстын мугалими Солтоналиева Элмира Орочуевна «жылдын мыкты мугалими» конкурсунан байгелуу 3-орунга ээ болду.

*2005-жылы Чуй облустук мамлекеттик админстрациясы уюштурган мектепти жаңы окуу жылына даярдоо конкурсунан «2004-жылдын эң мыкты мектеби» аталды. *Райондук олимпиададан 5 байгелуу орунга ээ болдук.

*Окуу-тарбия иштериндеги көрсөткучтөр учун завуч Мамбетиманова Гулнара КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*2006-жылы 7окуучу райондук олимпиададан байгелуу орунга жетишишти.

*2007-жылы 2окуучу артыкчылык аттестатына татыктуу болушту:Алышбаева Айжан жана Токтогулова Алтынай

*Көп жылдык эмгеги учун орус тили мугалими Алымкулова Айнуру КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*Мектептин мугалими Р.Бирназарованын көмөгу менен АРИС уюмуна долбоор жазылып,559 439 сом тартылып келип, ашкана эмеректери,окуу мебелдери, мектепке толугу менен линолиум  төшөлду.

*Мектептин көйгөйун түшүнүү менен кабыл алышып,айылдан азаматтар(Алжанов Ж.Омурзаков М.Кармышов Ч.Сагыналиев Н,Дуйшонов З.Турусбеков Н,Шабданов А,Сасыкулов А.Боронбаев Э)демөөрчулук көрсөтушуп, 2компьютер, кучөткучу менен микрофон алып берип кубантышты.

*Химия-биология мугалими  М.Кыдыргычова «жылдын мыкты мугалими» конкурсунан байгелуу орунга жетишти.

*2007-жылы Чуй облустук мамлекеттик админстрациясы уюштурган мектепти жаңы окуу жылына даярдоо конкурсунан «2004-жылдын эң мыкты мектеби» аталып,байгелуу      2-орунга жетиштик.

*Райондук олимпиададан байгелуу 8орун,Срапил кызы Элиза (мугалими Алымкулова А.Т.) областан 1-орун,республикалык олимпиададан 3-орунга ээ болду.Женуучу катары Кыргыз-орус Славян университетинин бюджеттик бөлумунө кабыл алынды.

*2008-жылы райондук олимпиададан 5байгелуу орун болду.

* Англис тилин уйрөнуу максатында «Тынчтык Корпусуна» кайрылып,АКШдан Рэйчел Смитт келип,3жыл иштеп кетти.

*Окуу-тарбия иштериндеги көрсөткучтөр учун завуч Болокова Гулжан  КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*2009-жылы райондук олимпиададан 3өө байгелуу келди,Кубанычбек кызы Азиза (мугалими Алымкулова А.Т.)областык олимпиададан 1-орун алып,республикалык олимпиаданын катышуучусу болду.

* 2009-жылы Чуй облустук мамлекеттик админстрациясы уюштурган мектепти жаңы окуу жылына даярдоо конкурсунан               «  мыкты мектеп» номинациясында байгелуу 1-орунга ээ болдук.

* Көп жылдык эмгеги учун химия-биология мугалими Кыдыргычова М.А. КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*2010-жылы  райондук олимпиададан 5өө байгелуу келип,Кубанычбек кызы Азиза областык олимпиададан 1-орун алып,республикалык олимпиададан 2-орунга жетишип, Кыргыз-орус Славян университетинин бюджеттик бөлумунө кабыл алынды. *«Тынчтык Корпусуна» кайрылып, валантер Френцесс Смитт балдарга англис тилин уйротуудө узурлуу иштеди жана долбоор жазып,2000долларга класс мебелдерин алып берди.

*2010-жылы Иманкулова өз каалоосу менен арыз жазып, Таш-Дөбө а/о көрсөтмөсу жана райондук билим беруу бөлумунун буйругу менен Мамбетиманова Гулнара Мазаралиевна директор болуп дайындалды.

* «Перемена» инновациялык билим беруу борборунун директору Алмаз Тажыбай менен келишим тузулуп,координатору Баяманова Чынаранын жетекчилиги астында дебат клубуна мучө болуп кирдик.

*2011-жылы райондук олимпиададан 3өө байгелуу келип,Эсенбаева Акбермет  областык турдан 1-орун алып,республикалык турдун жеңуучусу болду.

*ЮСАИДдин колдоосу менен мектептин капиталдык ремонтуна 23 133мин долларлык грант тартылып,ЮСАИДдин КРгы өкулу Дилон Кейстин катышуусу менен ачылышы болду.

* Мектеп коомдук иштерге активдуу катышкандыгы учун жана жаңы окуу жылына окуу жайды даярдоо конкурсунда жеңуучу катары Аламудун райондук мамлекеттик админстрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

*«STLI» Эл аралык коммерциялык уюму менен келишим тузулуп,балдарга орус тилин бекер уйрөтуу боюнча клуб өз ишин баштады.Мектепте 1-жолу РФнын ГАГУ нун бюджеттик бөлумунө Боронбаева М.кабыл алынды.

*2012-жылы райондук олимпиададан 11и байгелуу келип,областык турдан 3окуучу женуучу болуп,1өө республикалык турдун жеңуучусу болду.

*КРнын «туртку беруучу грантына»долбоор жазылып,1 955 527сомго мектептин чатыры кайрадан жабдылды.

*Райондогу кыргыз тилинде окутулган мектептер арасында РБББу жургузгөн 14 критерий менен киргизилген мониторингдин негизинде 1-орунга жетиштик.

*Турсуматовдордун уй-булөөсунун атынан «Ормонбек Турсуматов атындагы» стипендия киргизилди.

* КРда биринчилерден болуп биздин мектепте санариптик-мультимедиялык теле-сабак беруу башталды.29.08.2012-жылы «Алиппе ТВ»долбоорунун салтанаттуу ачылыш аземи туз эфирде ошол кездеги КРнын президенти Р.Э.Отунбаева,БУУнун алдындагы Эл аралык байланыш биримдигинин баш катчысы Хамадун Туре жана билим беруу жана илим министрлигинин байкоочу Кеңешинин төрагасы Алмаз Абековдун катышуусу менен өткөрулуп,берилген 3суроонун 2өөсунө туура жооп берип,2окуучу компьютер жана ноутбук менен сыйланышты.

*Мектеп республикалык «Мыкты айылдык мектеп» конкурсуна катышып,байгелуу       4-орунга ээ болдук.

*География  мугалими Тумонбаева Гулзат Убалиевна «жылдын мыкты мугалими» конкурсунан байгелуу орунга ээ болду.

*2013-жылы  райондук олимпиададан 5өө байгелуу келип,1окуучу областык олимпиаданын женуучусу болду.

*27.09.2013-жылы ЮСАИДдин колдоосу менен «Окуунун ыкмаларын жакшыртуу» долбоорунун ачылышы АКШнын КРы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси айым Памела Спратлен,КРнын билим беруу жана илим министри К.Ж.Сыдыков, АКШнын Эл Аралык өнугуу Агенттигинин директору Майкл Гриндин катышуусу менен мемерандумга кол коюу аземи мектепте болуп өтту.

*Көп жылдык эмгеги учун башталгыч класстын мугалими Салманова К.Ш. КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*2014-жылы  райондук олимпиададан 6оо байгелуу келип,3окуучу областык олимпиаданын женуучусу болду.

*«Манас таануу» интеллектуалдык таймашына «Тулпар» командасы катышып, республикалык  турдан 3-орунду камсыз кылышты.Даярдаган мугалими Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна.

* Көп жылдык эмгеги учун башталгыч класстын мугалими Солтоналиева Э.О. КРнын «билим беруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

*2015-жылы  райондук олимпиададан 10у байгелуу келип,2окуучу областык олимпиаданын женуучусу болду.

* «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына «Кыраандар-1» командасы катышып, областык  турдан 3-орунду камсыз кылышты.

* Башталгыч класстын мугалими Курманбекова Толкун Мажиевна «жылдын мыкты мугалими» конкурсунан байгелуу 3-орунга ээ болду.

*Мерси-Ко Эл аралык уюмуна долбоор жазылып,135 000 сомго мектеп мебелдери толукталды.

*8-класстын окуучусу Саалиев Р. «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашынан финалдык турга жетип,кубок алды.

*2016-жылы  райондук олимпиададан 10у байгелуу келип,3окуучу областык олимпиаданын женуучусу,1 окуучу республикалык турдун катышуучусу болду.

*«Манас таануу» интеллектуалдык таймашына «Кыраандар-2» командасы катышып, республикалык  турдан 3-орунду камсыз кылышты.Даярдаган мугалим Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна.

*9-класстын окуучусу Атамкул кызы А. «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашынан финалдык турга жетип,кубок алып,планшет менен сыйланды.

*Мектеп  жаңы окуу жылына окуу жайды даярдоо конкурсунда жеңуучу катары Аламудун райондук мамлекеттик админстрациясынын жургузгө конкурсунан байгелуу 1-орунду камсыз кылды.

* Көп жылдык эмгеги учун орус тили мугалими Алымкулова А.Т.Москва шаарында болуп өткөн КМШ өлкөлөрунун мугалимдер сьездине делегат болуп катышып, «КМШ өлкөлөрунун билим беруусунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды жана КРнын президентинин «Ардак грамотасы» менен сыйланды.

*2017жылы  райондук олимпиададан 11и байгелуу келип,4окуучу областык олимпиаданын женуучусу болду.

*География  мугалими Аскарова Мырзагул Тогузбаевна «жылдын мыкты мугалими» конкурсунун райондук турунан байгелуу 1-орунга ээ болуп,Чуй областынан да 1-орунду камсыз кылды.

*2018-жылы  райондук олимпиададан 7өө байгелуу келип,1окуучу областык олимпиаданын женуучусу болду.

*Манас таануу» интеллектуалдык таймашына «Ыйык» командасы катышып, республикалык  турдан 2-орунду камсыз кылышты.Даярдаган мугалим Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна.

*Мектеп аккредитациядан өтуп,жетишуусу 64%тузуп,райондогу мектептерден 2-орунда болдук.

*Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын ортосунда өткөрулөн, «Балдар FM»радиосу уюштурган интеллектуалдык таймаштан «Жаш тилек» командасы 1-орунду камсыз кылды. Даярдаган мугалими Дуйшембиева Э.Ж.

*«Президент суйлөйт» интеллектуалдык таймаштан мектептин президенти Жумабекова А.2-орунга ээ болду.

*2019-жылы райондук олимпиададан 5оо байгелуу келип,1өө областык олимпиаданын женуучусу болду.

*Манас таануу» интеллектуалдык таймашына «Нур» командасы катышып, республикалык  турдан 1-орунду камсыз кылышты.Даярдаган мугалим Иманкулова Сыйнаш Эсенкуловна.

*Малазия мамлекетинин NAMA фондунун долбооруна максаттуу мектеп катары катталдык.

*Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын ортосунда өткөрулөн, «Балдар FM»радиосу уюштурган интеллектуалдык таймаштан «Жеткинчек» командасы 1-орунду камсыз кылды. Даярдаган мугалими Дуйшембиева Э.Ж

*Мектепти 20жыл мурда бутургөн бутуруучулөр(2000-жылкы бутуруучулөр) мектепке 85 000сомдук интерактивдуу доска белекке беришти.

*2020-жылы  райондук олимпиададан байгелуу келип,1окуучу областык олимпиаданын женуучусу болду.

*ЖРТ боюнча эң жогорку балл алган 4 окуучуга айылдын тургундары Апышев Тулек жана Жумабек демөөрчулук кылып, «Апышев Абдулхамит ата» атындагы стипендия катары акчалай сыйлык тапшырышты.

* Мектепке 8 компьютер алып берген демөөрчулөр: Алжанов Жаныбек,Кененбаев Замир,Апышов Жумабек,Аалиев Нурсултан,Солпуев Жамбул,Коконоков Тагай, Уркасымов Тилек,Ибраев Данияр.