Социалдык-психологиялык кызмат

Бер –Булак жбб О.Турсуматов атындагы орто мектеби

I. Соц педагогдун функционалдык милдеттери

Билим берүү уюмунун социалдык педагогунун иш-аракетине балдар, жаш өспүрүмдөр, анын ата-энеси (мыйзам өкүлдөрү), класс жетекчилер, мугалимдер, мектеп жетекчилиги, балдар менен иштеген комиссия, социалдык коргоо мамлекеттик уюмдарынын өкүлдөрү, психологиялык, медикалык, педагогикалык консультация жана башка менен иш жүргүзүү кирет.
Социалдык педагогдун функцияларына төмөнкүлөр кирет:
— балдар, жаш өспүрүмдөр жана бойго жеткен адамдар менен ишенимдүү мамиле түзүү;
— “социалдык диагнозун” аныктоо жана негиздөө. Билим берүү мекемелеринде көнүгүүлөрдү жана алган билимдерин өздөштүрүү боюнча ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, эмгектенген балдардын, мыйзамга каршы иш аракеттерди жасаган балдар жана оор жумуш акыбалдагы балдардын башка категорияларынын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн аныктооо үчүн балдар менен үй бүлөөлөрдүн социалдык-турмуштук жашоосун жана социалдык чөйрөсүн изилдөө;
— Чечүүнү талап кылган социалдык чөйрө менен маселелердин актуалдуу көйгөйлөрүн эске алып социалдык-педагогикалык иш-аракетти пландаштыруу, жана аны анализдөө;
— окуучулардын социалдык тарбиясына, биргелешкен эмгек жана эс алуусуна бир эле мектептин башкармалыгын эмес, коомчулукту, микрорайондун жашоочуларын тартуу жана демилге берүү;
— социалдык чөйрөсү жана үй-бүлөө тарабынан балдардарга жана жаш өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн бүт тарбиялоочу таасирлерди тууралоо;
— балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн кылмыш (делинквенттик) жана оогон (девианттык) жүрүм-турумун алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды уюштуруу;
— ачык микрочөйрөдө жаш өспүрүмдөрдүн жана балдардын социалдык маанилүү иш-аракеттерин уюштуруу;
— жеке инсандардын ортосундагы чыр-чатактарды жоюуга жардам көрсөтүү;
— психологиялык-педагогикалык талаптарды эске алуу менен окуучуларды ар кандай пайдалуу иш-аракеттерге тартуу;
— өзүн таануу жана өзүн өнүктүрүү аркылуу баланын өнүгүүсүндө тажрыйбалуу социалдык-педагогикалык колдоо көрсөтүү;
— Социалдык коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар кызматташуу;
— Кеңештин иш-аракеттерине катышуу;
— Үй-бүлөө, билим берүү мекемелери жана баланын жакын чөйрөсү менен баланын кызыкчылыктары үчүн байланыш түзүү;
— Социалдык коргоо органдары жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташтык түзүү

II. Кызмат милдеттер
Социалдык педагог төмөнкү кызмат милдеттерин аткарат:
1. Оор турмуш акыбалдагы балдарды табууга көмөк көрсөтөт, бул:
— ата-энеси тарабынан кароосуз калган балдар;
— ден-соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар;
— мыйзам менен келише албастыкта болгон балдар;
— тобокелдикте/ зомбулуктан жапа чеккен балдар;
— эмгектенген жана мектепке барбаган балдар;
— тобокелдик топтогу балдар жана ошондой эле аялуу жана кооптуу абалдагы балдар.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн балдардарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен керектүү социалдык жардам жана колдоо көрсөтөт.
3. Оор турмуш акыбалдагы балдарды коргоо жана өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.
4. Оор турмуш акыбалдагы балдарды ийгиликтүү адаптациялоо жана социализациялоо үчүн иш-чараларга тартуу боюнча иш-аракеттерди уюштуруу.
5. Оор турмуш акыбалдагы балдар жана жаш өспүрүмдөр, балдарды мектепке даярдоо класстарындагы балдар боюнча баардык маалыматты камтыган мектептин социалдык паспортун өз убагында тариздөө.
6. Жыйынтыктоочу отчеттор менен статистикалык маалыматтарды даярдоо.
7. Үзгүлтүксүз түрдө профессионалдык квалификацияны жогорулатуу.
8. Көмөк көрсөтөт:
• Билим алып жаткандардын укугун жана эркиндигин ишке ашырууда, жашоо жана ден соолуктун коргоосун камсыз кылган ыңгайлүү жана коопсуз айлана-чөйрөнү түзүүдө;
• Социалдык чөйрөдө гумандуу жана ахлак-адептүү ммамилелерди түзүүдө, балдардын маселелерин чечүүдө ата-энелер менен коомчулукту чакырууда;
• Педагогикага багытталган чөйрөнү түзүүдө;

IV.Укуктар
Социалдык педагог төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1. Мектептин уставы тарабынан каралган тартипте мектепти башкаруу иш-чараларына катышуу;
4.2. Кесиптик ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо;
4.3. Өзүнүн ишине баа берүүнү камтыган арыздар жана башка документтер менен танышуу жана аларга түшүндүрмө берүү;
4.4. Кесиптик этиканын ченемдерин бузуу менен байланыштуу болгон тартиптик же кызматтык тергөө учурунда өз алдынча же өкүл, адвокат аркылуу кызыкчылыктарын коргоо;
4.5. Мыйзам тарабынан каралган тышкаркы учурларды тартиптик (кызматтык) тергөөлөрдүн жашыруун болушу;
4.6. Социалдык-педагогикалык иштердин ыкма жана усулдарын эркин тандоо жана колдонуу;
4.7. Кесиптик жоопкерчиликтерди ийгиликтүү аткаруу максатында шарттарды түзүүнү билим берүү мекемесинин башчысынан талап кылуу;
4.8. Кесиптик ишине байланыштуу тармакта маселе тууралуу мамлекеттик органдарына маалымат берүү

V.Жоопкерчилик
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте социалдык педагог төмөнкүлөргө жоопкерчилик тартат:
• Жашыруунун талап кылган маалыматты жайылтуу;
• Социалдык-педагогикалык иш чараларды жүргүзүүдө тарбиялануучулардын өмүрү, ден соолугу, укук бузуулары жана эркиндигине;
• Тарбияланычууга карата физикалык жана (же) психологиялык зомбулук көрсөтүү жана ошондой эле башка аморалдык иш-аракет жасоосдон улам Кыргыз Республиканын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы жана эмгек мыйзамына ылайык жумуштан бошотулат.

VI. Кызмат боюнча байланыштар
Профессионалдык максаттарга жетүү үчүн социалдык педагог:
• 16 жашка чейин бүтүрүүчүлөрдүн жана окуучулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик органдарынын, коомдук уюмдарынын жана башка уюмдарынын өкүлдөрү менен мамиле түзөт;
• билим берүү мекеменин педагогикалык кеңешинин иш-аракетине катышат;
• билим берүү маршрутун аныктоо үчүн ден-соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана анын ата-энесине психологиялык-медикалык-педагогикалык консультацияны алууга көмөк көрсөтөт;
• жергиликтүү бийлик (айылдык кеңеш, мэрия) жана мамлекеттик органдары байланыш түзөт;
• социалдык педагог Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык коргоо, социалдык маселелери бобнча комиссиялар, аксакалдар соту менен тыгыз байланыш түзөт.