Новости

Шаршеналиева Адинай орус тили сабагынан облустук олимпиададан 2-орунду ээледию. Республикалык олимпиадага катышууга укук алды
08.04.2024 5
Дзюдо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасында Турция мамлекетине барып келди
08.04.2024 5
«Жылдын мыкты мугалими 2024» конкурсунун катышуучусу Салманова Жылдыз Кубанычовна
08.04.2024 7
06.04.2024-ж О.Турсуматов атындагы Бер-Булак жбб орто мектебинин кызматкерлери айылга бактарды тигип, айыл ичин тазалап, жазгы көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү
08.04.2024 5
Ушинтип өткөн жума ар күнү кур болбой шаңдуу эмгек менен коштолуп,ал эле эмес ишемби күнү да 21.10.23-ж.Нарын, Ысык-Көл, Чүй обл.кесиптештер тажрыйба алмашуу максатында келип кетишкен кесиптештерди тостук. Мектеп иши, мугалимдердин чыгнармачылык иши менен таанышып, ушунча ат арытып алыстан келишсе деп биздин мугалимдер өзүлөрү колдонуп жүргөн активдүү ыкмаларынан фрагмент көргөзүп бергенге үлгүрүштү.Жалпы жамаатка ыраазычылык!
25.10.2023 38
Дагы бир жаңылыгыбыз 2023-24-о.ж.«Акыл таймаш» оюнунун жаңы сезонуна 7-кл 5 окуучусунан түзүлгөн «НУР» командасы Бишкек шаарынын 64 гимназиясынын окуучулары менен ат салышып ,сонун оюн көрсөтүшүп, мектептен алган билимин тастыктап, эң жогорку 295 балл алып, кубантты. Бул дагы да уланат, окуучуларыбызга дагы да ийгилик каалайбыз!
25.10.2023 33
19.10.23-ж.мектепте география мугалимдеринин семинары АРБББнүн метод кабинеттин башчысы Амангелди Бөжөнович жана методист Динара Асанкуловнанын катышуусунда болуп өттү. Мугалимибиз Мырзагүл Тогузбайевна 8а -кл ачык сабак жана 9,10,11-кл.интеллектуалдык оюн көрсөтүп берди.Катышуучулар тарабынан мугалимге жогору баа берилди. Мырзагүл Тогузбайевна демилгелүү, алдыңкы инновациялык ыкмаларды сабагына эффективдүү колдоно билген, окуучулардын сүйүктүү эжейи. Дагы да иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
25.10.2023 29
21.10.23-ж ЧОШГ мектебинде дебат турнири болду.Ошол турнирде биздин кыргыз лигасынын окуучулары «Айтумар» командасы 2-орун алышты.Андан тышкары «Эң мыкты спикер» номинациясында 3-орун Мырзабекова Эльвиза алды.Кыргыз лигасынан «Эн мыкты спикер» номинациясында 3-оруду Белекова Тумар алды
23.10.2023 33
14-октябрь 2023-жылы Аламүдүн районунда мектептер арасында өтүлгөн турниринде 6-класстан баштап 11-класстын окуучулары катышуусунда 15 команданын ичинен балдарыбыз 3-орунга ээ болушту
23.10.2023 32
Мугалимдер күнүнө райондук масштабда өткөрүлгөн иш чарага биздин ардагер мугалимдер: Суеркулова Токон эже, Азимканова Шекер эже жана Кыдыргычова Марипа эжелер катышып урмат-сый көрүштү. Орус тили,адабияты мугалими Кыдыралиева Гульнара «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды
06.10.2023 25
25-сентябрда окуучуларды патриоттук багытта тарбиялоо боюнча “Манас”,”Семетей”,”Сейтек” уюмдарына кабыл алуу күнү болуп өттү.Иш-чарага Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышты.Жалпы 60 окуучуга жагоолор жана значоктор тагылды
17.10.2023 23
Мамлекеттик тил күнүнѳ карата кыз-жигит “Сармерден” оюну болуп ѳттү.Иш-чара тил гимни менен башталып,окуучулар “Манас” эпосунан үзүндү айтып,макал-лакап,жаңылмач,кыргыз бийи,обондуу ыр менен коштолду.Соңунда,калыстар тобу “Балдар тобун” жеңүүчү деп аныктап,чакан белектер менен сыйлады.Иш-чарага 30 кыз бала,30 эркек бала,класс жетекчилер,ата-энелер,мугалимдер катышты.Окуучулар тарабынан даярдалган оюну жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
26.09.2023 22
1 / 3123