Максатбек кызы Айтурган

Биздин арабызда эң жөнөкөй, бирок аты чыккан чемпион бар экенине айрымдары маани бербесе керек,бирок кесиптештер сыймыктанабыз.Биздин мектептин ийрим жетекчиси Максатбек кызы Айтурган 19.11.22-Казакстанда тогуз коргоол боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду багындырды. Айтурган Бер-Булак айылынын келини, кесиби боюнча математик мугалим, тогуз коргоол оюнуна мектептен кызыгып ойноорун айтат. Ийгилиги бул эле эмес,көп…2014-ж Монголияда Азия чемпианатында 2-орун, 2015-ж.Алма-Атадан 3-орун, 2017-ж.Чолпон-Атада «Манас оюндарында» 1-орун, 2018-ж.3-орун, 2019-ж.Туркияда Анталья шаарындагы дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду багындырган,о.э. 60тан ашык медаль, 100дөн ашык диплом,грамоталардын ээси. Айтурган тогуз коргоол адамды эрктүүлүккө, чыдамкайлыкка, ойлоого, максат кое билип иштөөгө үйрөтөт деп айтат. Биздин О Турсуматов атындагы Бер-Булак жббо мектебинде иштеп жатканына 3жылга кетти.Келечегинен көптү күтөбүз, өзүнүн окуучулары да жогорудагы сапаттарга ээ болуу менен, дүйнөнүн чемпиондору чыгат деп терең ишенебиз.
Максатбек кызы Айтурган Максатбек кызы Айтурган Максатбек кызы Айтурган Максатбек кызы АйтурганМаксатбек кызы Айтурган
«Тогуз коргоол» ийриминин жетекчиси спорттун мастери, дүйнөлүк спорт оюндарынын бир канча жолку чемпиону Максатбек кызы Айтурган жыл тогошоор алдында мектеп ичинеде турнир өткөрүп, бүгүн жеңүүчүлөрдү куттуктадык.1-орунду Айтпаев А, 2-орунду Канатбекова Д, 3-орунду Канатбекова Ч, Максатбеков И.алып, диплом менен сыйланышты.Ушул чемпиондордон тренериндей дүйнөнүн чемпиондору чыгат деген ишеничибиз чоң!!!