Дүйшембиева Элзат Жумашевна

Дүйшембиева Элзат ЖумашевнаДүйшембиева Элзат ЖумашевнаДүйшембиева Элзат Жумашевна
УТРКнын Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган 7-класстар арасындагы «Акыл таймаш» интеллектуалдык радио оюнунда О.Турсуматов атындагы Бер-Булак жбб орто мектебинин окуучулары баш байгеге
(70 000 с)ээ болду.
Оюн 4 тур менен өтүп, Бишкек шаары жана Чүй облусунан 50 гө жакын мектеп катышты.Бул ийгиликке жетүү оңойго турган жок.Кыргыз тили жана адабияты, тарых, математика, география сабактары жана үй тапшырма, саламдашуу, логикалык суроодон турган оюнга предметтик мугалимдердин эмгектери эбегейсиз.Учурдан пайдаланып даярдаган предметтик мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем.
Бир канча жылдан бери оюнду үзбөй улантып келе жаткан «Акыл таймаш» радио оюнунун уюштуруучусу,алып баруучулары Жылдыз Мырзабекова жана Жаныбек Эсеналиевге о.э өсүп келе жаткан жаш муунга колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылган «Манас» театрынын жетекчилигине,КР Билим берүү жана илим министрлигине терең ыраазычылык билдирем.