27-сентябрда “Жаштар Ынтымагынын” кайрымдуулук концертине 11-класстын окуучулары класс жетекчиси Кыдыралиева Г.Ч. менен биргеликте барып келишти.
26-сентябрда мамлекеттик тил күнүнө карата 5-6-7-8-9-10-11-класстар арасында дубал газета көргөзмөсү уюштурулуп,1-орунга 6-а класстын окуучулары ээ болушту.Жеңүүчүлөр чакан белектер менен сыйланышты.
23-сентябрда мектеп парламенти уюштуруучу Салманова Ж.К. менен биргеликте “Биз таза айыл үчүн” экологиялык акциясы уюштурулуп,аялдамалар сырдалып,таштандылар тазаланды.
20-сентябрда Аламүдүн РИИБинин жол коопсуздугун көзөмөдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча маалымат берип,түшүндүрүү иштерин жүргузүп кетишти.Бардык класстарга “Жолдо жүрүүнүн эрежелери” боюнча класстык сааттар өтүлдү.
15-сентябрда 9-класстын окуучулары класс жетекчиси Иманкулова С.Э. менен биргеликте “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине улуу жазуучу Ч.Айтматов жана окуучуларды патроттук багытта тарбиялоо максатында барып келишти.